Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Артыкбаев: Газдын баасын Кыргызстан белгилейт


Бул тууралуу бүгүн энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеңеште билдирди. Бүгүн депутаттар “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” ишканасына бир долларга сатуу боюнча келишимди ратификациялоо маселесин карап жатат.

Артыкбаевдин айтымында, келишимдин негизинде “Газпром” толугу менен Кыргызстандагы газ керектөөчүлөрдү камсыз кылат. Келишимге ылайык, беш жылдын ичинде 670 млн. доллардын тегерегинде каражат инвестиция кылышы керек. Бул каражат Бишкек, Ош баштаган ири шаарлардагы газ куурларды, түтүктөрдү жаңыртууга, көгүлтүр отун жетпеген шаарларга газ жеткирүү курулуштарына жумшалат.

- Тариф саясаты, газдын баасын коюп берүү маселеси Кыргызстандын карамагында болот. Келишим негизинде, бүгүнкү күндө бул тармакта иштеп жаткан “Кыргызгаздын” кызматкерлери ишин ошол жерден улантат. Газдын баасы боюнча сүйлөшүүлөрдү “Газпром” мойнуна алат, - дейт Артыкбаев.

Мындан сырткары 100 млн. доллардай каражат Кыргызстандагы газ кендерин изилдөө, бул багытта иштелбей жаткан жайларды аныктоо, геологиялык чалгындоо иштерине жумшалат.

"Кыргызгаз” ачык акционердик коому ушул жылдын 26-июлундагы Кыргызстан менен Орусиянын газ тармагында кызматташуу келишимине ылайык, Орусияга 1 долларга сатылган. Ушул дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети “Кыргызгаздын” 100% үлүшүн Орусиянын “Газпром” ишканасына сатууга макулдугун берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG