Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Балдардын жөлөк пулу көбөйөт


1-ноябрдан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилчү жөлөк пул 10 пайызга көбөйтүлөт. Жөлөк пулдун өлчөмү кепилденген минимум кирешенин суммасына барабар. Ал азыр 580 сомду түзөт. Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Куйкеевдин айтымында, кийинки айдан тарта кепилденген минимум киреше 640 сом деп эсептелет. Ал эми 2014-жылдын биринчи жарымында ал 705 сомго көтөрүлөт.

Ошондо келерки жылы жөлөк пулдун суммасы 705 сомду түзүп калат. Бирок 3 жаштан тарта ал ар кандай пайыздык көрсөткүчтөр менен эсептелет. Жөлөк пул 16 жашка чейин берилет.

Учурда Кыргызстан боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 342 миң бала жөлөк пул алууда. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG