Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Кыргызстанга сырттан келип иштегендердин көбү кытайлар


Чет өлкөдөн Кыргызстанга келип иштегендердин 67 пайызын кытайлар түзөт. Алардын көбү соода-сатык менен алектенет. Калган бөлүгү Бишкек-Нарын-Торугарт жолун, Кара-Балта мунайды кайра иштетүүчү заводун куруу сыяктуу ири долбоорлордо иштешет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин статс-катчы милдетин аткаруучу Доскул Бекмурзаев билдирди. Андан кийинки орунда Түркиядан, Орусиядан жана Түштүк Кореядан келген жарандар турат.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин 2012-жылга карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда экономикалык активдүү жарандардын 10 пайызы же 212 миң адам жумушсуз деп катталган. Көз карандысыз эксперттер Кыргызстанда жумушсуздардын саны мындан да көп экенин айтып келишет. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG