Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Сургутта каза болгондордун сөөгү Ошко алынып келди


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Замандаш” ассоциациясынын маалымат катчысы Эркин Урмамбетов кабарлады. Анын айтымында, 26-октябрда Орусиянын Сургут шаарында Кыргызстандын үч жараны жол кырсыгына кабылып, каза тапкан. Алардын улуусу 32, кичүүсү 21 жашта болгон. Алар аталган шаарда унаасын башкара албай, каршылаш келаткан машина менен кагышкан.

- Кыргыз диаспорасы акча чогултуп кыргызстандыктардын сөөгүн Ошко жөнөтүштү, - дейт Урмамбетов.

Тышкы иштер министрлиги жыл башынан бери сыртта иштеп жүрүп каза болгон 144 кыргызстандыктын сөөгү Кыргызстанга алынып келингенин кабарлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG