Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Израил түрмөдөгү 26 палестиналыкты бошотту


Түрмөдөн бошонгон палестиналыкты Газа түндүгүндөгү чек арада тосуп алышкан учуру, 30-октябрь, 2013
Түрмөдөн бошонгон палестиналыкты Газа түндүгүндөгү чек арада тосуп алышкан учуру, 30-октябрь, 2013
Көптөн бери токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу үчүн Израил бүгүн өзүнүн түрмөлөрүндөгү палестиналыктардын 26сын бошотту. Үйүнө кайткандарды Газада жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде салтанаттуу тосуп алышканы көрсөтүлдү. Камалгандардын айрымдары 20 жылдан бери түрмөдө отургандар болчу.

Рамалладагы салтанатта сүйлөп жатып, Палестинанын президенти Махмуд Аббас “Израил палестиналыктарды түрмөдөн бошотуп, анын ордуна жаңы жөөт конуштарын курууга аракет кылбашы керектигин, мындай соодалашууну палестиналыктар кабыл албасын” айтты. Израилдин өзүндө түрмөдөгүлөрдүн бошотулушун айрымдар кыжырдануу менен кабыл алышты, анткени аларды жөөттөргө каршы оор кылмыштарды жасагандар деп билишет.

Израил 1967-жылкы согуштун жыйынтыгында Батыш жээкти, Газаны жана Иерусалимдин чыгышын басып алгандан бери жөөттөргө каршы кылмыштар үчүн миңдеген палестиналыктарды түрмөгө камаган.

XS
SM
MD
LG