Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Каримова менен байланыштагы медиахолдингдин банк эсептери камакка алынды


Өзбекстанда президенттин кызы Гүлнара Каримова менен байланыштагы Terra Group медиахолдингинин банк эсептери камакка алынды. Ташкендеги Infinbank шейшембиде “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Terra Group финансылык кылмыштар үчүн айыпталып, азыр тергөө жүрүп жатат. Анын банк эсептеринин убактылуу жабылышы да ошого байланыштуу болду. Terra Group Өзбекстанда бир топ телерадио компанияларга жана интернет сайттарга ээлик кылат. Алар баары өзбек президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованын көзөмөлүндөгү маалымат каражаттары катары белгилүү. Өткөн аптада анын үч радио станциясы, төрт телекомпаниясы ишин токтоткон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG