Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Парламент Саруудагы кырдаал боюнча маалымат угууда


Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, УКМК башчысынын орун басары Аман Молдосеитов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылындагы кырдаал боюнча Жогорку Кеңеште маалымат берүүдө. Молдосеитовдун айтымында, Саруудагы окуя боюнча 80ден ашуун күбө суралып, 20дан ашуун экспертиза өткөрүлдү. Окуяда алты милиция кызматкери, беш жөнөкөй жаран жараат алган. Уюштуруучу жана активдүү катышуучу катары 20 адам белгиленген. Учурда алар боюнча иш жүрүүдө.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Айрым депутаттар камалгандар сабалганын билдирип жатышат. Депутат Равшан Жээнбеков Жети-Өгүз экинчи Аксыга айланып баратканын белгилеп, бул маселени парламентте талкулоону сунуштаган болчу.

Депутат Акматбек Келдибеков бүгүнкү талкууга катышуу үчүн саруулуктар да келгенин белгиледи.(КЕ)

XS
SM
MD
LG