Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

“Форбс” Путинди жылдын эң таасирдүү адамы деп жарыялады


Журналдын аныктамасы боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин 2013-жылдагы таасирдүү адамдардын тизме башында турат. Журнал Путинди дүйнө жүзүндөгү мамлекет башчылардан, финансисттерден жана филантроптордон да таасири чоң деп таап, анын Сирия маселесиндеги сунушу бааланганын билдирүүдө.

Экинчи орунда АКШ президенти Барак Обама, тизмедеги үчүнчү катарды Кытайдын жол башчысы ээледи. Андан кийин Рим папасы жана немис канцлери турат. Ирандын дин башчысы Аятолла али Хаменеи 23-орунда, ал эми Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев 53-катарда.

“Форбс” журналынын жылдын таасирдүү адамдары боюнча талапкерлеринин тизмесинде 72 киши бар, бул дүйнөдөгү ар 100 млн. кишиге бирден талапкер туура келет дегенге барабар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG