Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

АКШ жана Германия мамилесин түздөөнү каалайт


АКШ жана германиялык аткаминерлердин сүйлөшүүсү шаршембиде, Вашингтондо жүрдү. Эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүү АКШнын чалгын кызматы Германия канцлери Ангела Меркелдин телефонун тыңшайт деген маалыматтан кийинки мамилени кайра чыңдоо максатында болгонун билдиришти.

Бул аралыкта Washington Post гезити АКШнын чалгын кызматы интернеттеги Google жана Yahooнун миллиондогон пайдалануучуларынын аккаунтун текшерип тургандыгын жазып чыкты. Ал эми БУУнун өкүлү АКШ уюмдун байланышын аңдыбаганы тууралуу кепилдик бергенин билдирди.

АКШнын чалгын кызматы Германиянын канцлери Ангела Меркелдин жана Евросоюзга мүчө өлкөлөрдүн башчыларын тыңшай турганы тууралуу маалымат өткөн жумада немистердин "Шпигель" басылмасына АКШ чалгын кызматынын мурунку кызматкери, учурда Орусияда бозгунда жүргөн Эдуард Сноуденге шилтеме кылынып, жарыяланган. Бул Евросоюздун нааразылык маанайын жараткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG