Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Бажы биримдигине кошулуу боюнча иш-чаралар болот


Эртең менен "Парк-Отель" мейманканасында Бажы биримдигине киргенден кийин алкоголсуз ичимдиктерди экспорттоонун абалы боюнча иликтөөнүн жыйынтыктары тааныштырылат. Ишкерлерге Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерге алкоголсуз суусундуктарды сатуунун эрежелери тууралуу маалымат берилет.

Ошондой эле бүгүн жеке инвесторлор клубу Бажы биримдигине кирүү маселесин талкуулайт.

Кечинде кайра эле "Парк-Отель" мейманканасында Экономикалык клубдун Бажы биримдигине арналган отуруму болот. Анда экономисттер, эксперттер, окумуштуулар, өкмөт өкүлдөрү Экономика министри Темир Сариевдин “Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү жөнүндө” баяндамасын угушат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG