Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

Кумтөргө байланыштуу сүйлөшүүнүн үч варианты сунушталат


Өкмөт «Центерра Голд» компаниясы менен сүйлөшүүдө үч вариантты сунуштайт. Алар: Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү, 50/50 пайыз боюнча меморандумду калтыруу жана келишимден бир тараптуу чыгып, улутташтыруу. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалидев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал депутаттарды Кумтөр боюнча популисттик чечим чыгарды деп сындады. "Кумтөр боюнча ар бир өкмөттү кетире берсе маселе чечилбейт", - деди өкмөт башчы.

Жогорку Кеңеш 23-октябрда Кумтөр боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду четке каккан. Депутаттар Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга көтөрүүнү жана мурдагы келишимдерден бир тараптуу чыгууну сунуштаган. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG