Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Ооган кыргыздарына жардам жөнөтүлөт


Ооганстандын Улуу жана Кичи Памир аймактарында жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам Ош шаарында топтолду. Жүктү жеткирүү үчүн атайын топ бүгүн сапарга чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев парламент жыйынында билдирди. Өткөн апта вице-премьер-министр Камила Талиева ушул маселеге байланыштуу жыйын өткөрүп, ооган кыргыздарына жардам берүү маселесин талкуулаган.

Учурда бул аймакта 1200гө жакын кыргыз жашайт. Алардын жашоо шарты оор экени айтылып келет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG