Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Атамбаев: Милиция элдин ишенимине ээ болуш керек


Президент Алмазбек Атамбаев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Атамбаев кыргыз милициясы оңой эмес шартта иштеп жатканын, бул тармакта көп жылдан бери чечилбей келаткан маселелер бар экенин белгиледи. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин айлык акысы кыйла жогорулап, алар үчүн турак жай курулуп, укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык камсыздоо үчүн бюджеттен чоң каражат бөлөнөрү айтылган.

“Милиция кызматкерлеринен дагы көп нерсени күтөбүз. Эң башкысы – өз милдетиңерди так жана таза аткарып, элдин ишенимине ээ болушуңар керек. Мамлекеттеги туруктуулук, элдин келечеги, элдин бийликке болгон ишеними сиздердин ишиңерге көз каранды”, - деп жазылат президенттин куттуктоо баракчасында.

1-ноябрь - Милиция кызматкерлеринин кесиптик күнү. Кыргызстандын милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG