Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Кыргызстан-Казакстан: соода жүгүртүү өстү


2005-2012-жылдар ортосунда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 924 млн. долларды түздү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 31% көп. Ал эми казак тарап берген маалыматка караганда, бул көрсөткүч мындан да жогору болууда. Алардын маалыматы боюнча, эки өлкөнүн соодадагы алака-катышы 1 млрд. доллардан ашкан.

Бүгүн Кыргызстанга расмий иш сапары менен Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов келди. Кыргыз-казак кызматташуусу боюнча негизги сүйлөшүүлөр бүгүн түштөн кийин башталат. Анда Таластагы Маймак өткөрүү бекетин Бажы биримдигинин жол картасына киргизүү маселеси, кыргыз-казак чек арасындагы Көк-Сай, Кичи-Капка талаштуу аймактары боюнча сөз болот. Жолугушуу маалында бир катар документтерге кол коюлат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG