Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Жалал-Абад: администрацияга мыйзамсыз киргендердин соту уланат


Жалал-Абад шаардык соту кылмыш кодексинин 295-297-беренелери боюнча айыпталган төрт адамдын сотун бүгүн түштөн кийин облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында уланта турган болду. Сот буга дейре шаардык соттун имаратында өтүп келген.

Сотто сурак берип жаткан Медер Үсөнов, Жеңишбек Токторбаев, Шайырбек Ташиев жана Абсатар Сыргабаев прокуратура койгон күнөөлөрдү мойнуна алышкан эмес. Сентябрь айындагы акыркы сотто алардын жактоочусу соттолуучулардын айыбын тастыктоочу далил жана күбөлөр жок деген негиз келтирип, кылмыш ишин кайра тергөөгө жиберүүнү өтүнгөн. Шаардык сот бул өтүнүчтү четке каккан. (YA)

XS
SM
MD
LG