Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Көк-Сай маселеси 11-ноябрда талкууланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, Көк-Сай маселеси 11-ноябрда Казакстандын Алматы шаарында каралат.

Быйыл жайында Көк-Сай айылынын тургундары эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгышкан. Алар Таласка караган жайыт жерлерди кайра алууну талап кылып, аталган айылдын айрым тургундары Жамбылга кетчү сугат каналды он күндөй бууп турган. Буга байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлгөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG