Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Кыргыз-казак жолугушуусу жыйынтыкталды


Анда негизинен сегиз маселе каралып, эки документке кол коюлду. Алар: өкмөттөр аралык кеңештин төртүнчү жыйынынын протоколу, эки өлкөнүн каржы министрлеринин кызматташтыгы тууралуу бири-бирин түшүнүү меморандуму.
Бүгүн Бишкекте өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында экономикалык, өнөр жай, энергетикалык, газ, айыл чарба, чек арадагы көзөмөл жана транспорт маселелери каралды.

Мындан сырткары эки тарап айлана-чөйрөнү коргоо жана космос байланыштары жаатында кызматташтыкты да талкуулашты. Ошондой эле Казакстандан кошумча төлөмү жок кара май ташып келүү, инвестиция боюнча кыргыз-казак фонду, Кыргызстандан сүттү жөнөтүүгө тоскоолдуктарды алып салуу, “Кыргыз темир жолунун” казактарга карызы, “Маймак” темир жол бекетиндеги абал тууралуу сөз болду.

Өкмөттүн Таластагы өкүлүнүн орун басары Жуманазар Байышбековдун “Азаттыкка” айтымында, эки тараптуу жолугушууда “Маймак” станциясынын ишин үзгүлтүккө учуратпоо боюнча макулдашылды. Жаңы келишим 20-ноябрга чейин даярдалат. Аталган станцияны иштетүү тууралуу келишимдин мөөнөтү бүгүн бүткөн. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык жолугушууга Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев, Казакстандын премьер-министри Серик Ахмедов катышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG