Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:39

УКМК: пакистандык ишкерлерге кылмыш иши козголду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматы Пакистандын жарандары Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткандыгын аныктады.

Маалыматка ылайык, пакистандыктар жалган бирөөнүн аты менен 2008-жылдан тартып Бишкекте жана Чүйдүн Аламүдүн районунда жапон автомашиналарын сатып иштеген. Ошол убактан бери өлкөгө 3 миңден ашуун машина алып келинген. Ошол эле учурда 15 млн. сом салык төлөнгөн эмес.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG