Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Орусиядагы мигранттарды колдогон акция өтөт


Уюштуруучулардын бири Марат Мүсүралиевдин “Азаттыкка” айтымында, иш-чара 4-ноябрда Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында өтөт. Ал расмий Москванын соңку кездеги миграция саясатына кайдыгер эмес адамдардын бар экенин көрсөтүү максатын көздөйт. Акциянын катышуучулары мигранттарды жөнү жок куугунтуктоону, мыкаачылык менен өлтүрүп, уруп-сабоолорду токтотууну орус бийлигинен талап кылышат.

“Бул күнү Орусия Элдик биримдик майрамын белгилешет. Бул жөн эле улутчулдардын, скинхеддердин майрамы болуп калды. Ал жакта иштеп жаткан мекендештерибизди уруп-тепкилеген учурлар болуп жатканын угуп, билип жатабыз. 21-кылымда жашап жаткандан кийин мындай көрүнүштөр жарашпайт жана бул жакшылыкка алып келбейт деген түшүнүктү берели деп жатабыз”, - дейт Мүсүралиев. Акциянын катушуучулары бул маселеге кыргыз бийлигинин көңүлүн бурдурууну да көздөшүүдө.

Орусия соңку айларда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддерди күчөткөн. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча жыл башынан бери Орусиядан чыгарылган кыргызстандыктардын саны 950 адамга жеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG