Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Көрүстөндөн жер алууну тескеген мыйзам долбоору иштелип чыкты


Кыргызстанда алгачкы ирет “Сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыкты. Ал учурда коомчулуктун талкуусуна коюлганын “Азаттыкка” демилгечи депутаттардын бири Татьяна Левина кабарлады. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору көрүстөндөн жер берүүдөгү башаламандыкты тескөөгө шарт түзөт.

“Акыркы жылдары бул жаатта болуп көрбөгөндөй башаламандык өкүм сүрүүдө. Мамлекет аны тескеген жери жок. Азыр көрүстөндөн жер алуу миң сомдон 18 миң сомго чейин жетүүдө. Айрым жерлерде 40 миң сомго сатылып жатат. Кээ бир айылдык кеңештер өз баасын коюп алган. Ошондуктан муну мамлекет мойнуна алып, тартипке салуусу кажет”, - деди "Ар-намыстын" депутаты Левина.

Сөөк коюу шарттарын тескеген документ 1974-жылы кабыл алынган. Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түйшүктөр менен коштолуп келет. Аталган мыйзам келерки аптада тиешелүү комитеттерде каралат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG