Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Жалал-Абадда Насирдин Исановго эстелик тургузулду


Бүгүн Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Кыла айылында эгемен Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги ачылды. Эстеликтин бийиктиги 6 метр. Анын курулушуна кеткен 1 млн. 600 миң сом чыгымды Ноокен району менен Жалал-Абад облусундагы ишкерлер, мекеме-уюмдар, жеке адамдар топтоп беришкен. Эстеликтин ачылышына Н.Исановдун жубайы, жакын санаалаштары, облус менен райондун башчылары, президенттик администрациянын өкүлдөрү катышты.

Жакында Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Көк-Бел айылында Исановдун эстелиги ачылып, ага президент Алмазбек Атамбаев катышкан.

Исанов тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак. Ал Ош-Бишкек жолунда 1991-жылы табышмактуу жагдайдагы жол кырсыгында каза тапкан. Коомчулукта ал ошол учурда Кумтөр алтын кени боюнча келишимге каршы болгону айтылып жүрөт. (YA/КЕ)

XS
SM
MD
LG