Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Пакистандык талибдер жаңы жолбашчысын дайындады


Пакистандык талибдердин жаңы лидери делген Хан Саид Сажна.

Пакистандык талибдердин жаңы лидери делген Хан Саид Сажна.

“Азаттыктын” пакистан кызматы – “Машаал” радиосунун кабарына караганда, жолбашчылыкка Хан Саид Сажна (Khan Said Sajna) тандалган.

Пакистандык талибдердин башын бириктирген “Техрик-е-Талибан Пакистан” кыймылынын жыйыны бүгүн Түндүк Вазиристандын уруулар жашаган аймагында, белгисиз жерде өткөн. Кыймыл жаңы жолбашчы тандалганын азырынча расмий жарыялай элек.

Мунун алдында кечээ кыймылдын мурдагы лидери Хакимулла Мехсуд башка төрт киши менен катар АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын соккусунан мерт болгону ырасталган эле.

Маалыматтарга караганда, пакистандык талибдердин жаңы жолбашчысы Саид былтыр өлкөнүн түндүк-батышындагы түрмөдө төрт жүздөй адам бошоп кеткен окуянын, мурдагы жылы Карачи шаарында деңиз базасына жасалган чабуулдун артында турат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG