Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Грузияда жаңы премьер-министрдин ысымы жарыяланды


Гарибашвили (солдо) жана Иванишвили жарыя учурунда. Тбилиси, 2-ноябрь, 2013-жыл.
Гарибашвили (солдо) жана Иванишвили жарыя учурунда. Тбилиси, 2-ноябрь, 2013-жыл.
Учурдагы өкмөт башчы Бидзина Иванишвили өзүнүн мураскери катары ички иштер министри, жакынкы өнөктөшү Иракли Гарибашвилини сунуш кылды.

Иванишвили бул тууралуу өкмөт мүчөлөрү жана бийликтеги “Грузия кыялы” коалициясынын жетекчилиги менен бүгүнкү кеңешмесинен кийин жарыялады.

Иванишвилинин айтымында, ал премьер-министрликтен Гиорги Маргвелашвили 17-ноябрда президенттик кызматка расмий киришкен соң кетет. Жаңы өкмөт башчыны парламент дайындап, президент бекитиши керек. Гарибашвили бул баскычтарды оңой эле өтөт. Анткени Грузиянын жаңы президенти да Иванишвилинин саясий өнөктөшү, парламент да анын партиясы тарабынан көзөмөлдөнөт.

Премьер-министрликке сунуш кылынган Иракли Гарибашвили ички иштер министринин кызматына былтыркы парламенттик шайлоодон кийин дайындалган. 31 жаштагы Гарибашвили ага чейин бийликтен кетип жаткан Иванишвилинин кайрымдуулук корун башкарган.

17-ноябрдагы инаугурациядан кийин Грузияда Конституциянын жаңы жоболору күчүнө кирет. Ага ылайык, премьер-министрдин бийлик укуктары кеңейип, ал өлкөдөгү эң таасирлүү адамга айланмакчы. (UE)

XS
SM
MD
LG