Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

Пакистан талиб жолбашчысынын өлүмүнө кубанган жок


Өлкөнүн ички иштер министри Чаудри Нисардын бүгүнкү сөздөрүнө караганда, пакистандык талибдердин лидери Хакимулла Мехсуддун өлтүрүлүшү менен Пакистандын козголоңчулар менен тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүү аракеттеринин баары “көмүлүп” калды.

Пакистандык министр Исламабаддагы басма сөз жыйында белгилегендей, буга байланыштуу өкмөттүн чукул жыйыны чакыртылды. Анда Пакистандын АКШ менен кызматташтыгынын “бардык аспекттери” кайра каралат.

АКШнын Исламабаддагы элчиси болсо түшүндүрмө бериш үчүн Пакистандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Пакистандык талибдердин лидери Хакимулла Мехсуд башка төрт киши менен бирге АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын кечээги соккусунан мерт болгон.

Бул аралыкта “Техрик-е-Талибан Пакистан” кыймылынын кеңеши уруулар жашаган Түндүк Вазирстандын уруулар чөлкөмүнүн белгисиз жерде өткөн бүгүнкү жыйынында жол башчылыкка Саид Хан Сажнаны тандаганы кабарланды. Бирок бул тандоого кыймылдын ичинен айрымдар каршы чыккандай.

"Талибан" өч алуу чабуулун баштайбы деген кооптонуулардан улам Пакистан өкмөтү коопсуздук күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирип, ири шаарларда аскерлерди жайгаштырды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG