Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Баткен аэропортун оңдоого алты ай берилди


Баткен аба майданындагы "Тез Жет" авиакомпаниясынын БАэ–146-200 учагы, 05.10.2013.
Баткен аба майданындагы "Тез Жет" авиакомпаниясынын БАэ–146-200 учагы, 05.10.2013.
Алты ай ичинде Баткен аба майданындагы абалды жакшыртуу, учуп-конуу тилкесин оңдоо тапшырмасы "Манас" эл аралык аэропортуна берилгенин "Азаттыкка" Жарандык авиация агенттигинин директору Эркин Исаков кабарлады. Эгер бул мөөнөт ичинде мүчүлүштүктөр жоюлбаса Баткен аэропорту жабылышы ыктымал.

Өткөн айдын башында Баткен аэропортуна эл аралык макам ыйгаруу маселеси оңдоо иштери аяктагандан кийин көтөрүлөрүн "Манас" эл аралык аба майданынын мурдагы биринчи вице-президенти Нурлан Мамыров "Азаттыкка" кабарлаган. Анын айтымында, Баткен аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо, аны учурдагы 1800 метрден 2200 метрге чейин узартуу жана аэробекет имаратын жаңылоо иштери 2014-жылы башталат.

Баткен аэропортун оңдоого 124 миллион сом бөлүнгөнү тууралуу март айында Транспорт жана байланыш министрлиги жана "Манас" эл аралык аба майданы жар салган.

Баткен аэропорту деңиз деңгээлинен 1072 метр бийиктикте жайгашкан. Аба майдандын жүргүнчү өткөрүмдүүлүгү саатына 50 адам жана 1984-жылы салынган тилкеси 22 тоннага чейинки учактарды күндүзү гана кабыл алууга жарамдуу. Баткенге биринчи учак 1958-жылы конуп, эки жылдан кийин такай каттамдар ачылган. Андан тышкары 1984-жылы жүк ташуучу каттамдар ачылып, АН–26 учактары Баткен өрүгүн Бишкекке ташып турган.

Учурда Баткен – Бишкек каттамы Кыргызстандагы эң кирешелүү ички каттам. Бул багытта аптасына төрт жолу бир гана "Тез Жет" авиакомпаниясы 99 орундуу БАэ–146-200 учактары менен каттайт. Жүргүнчүлөрдүн 60 пайызы – тажик жарандары.

Баткен аба майданын оңдоо аймактык аэропортторду калыбына келтирүү стратегиясынын алкагында ишке ашат. (BAz/KE)

XS
SM
MD
LG