Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:17

Тогуз-Торо аба каттамсыз калышы мүмкүн


Казарман аэропортунун спутниктен көрүнүшү, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад областы.

Казарман аэропортунун спутниктен көрүнүшү, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад областы.

Жалал-Абад областындагы шарты катаал тоолуу Тогуз-Торо районундагы аэропорттогу мүчүлүштүктөрдү жоюуга Жарандык авиация агенттиги "Манас" эл аралык аба майданына тапшырма берди. Казарман аэропортунун конуу тилкеси оңдолбой, учуу коопсуздук талаптарына жооп бербесе ал алты ай ичинде жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жарандык авиация агенттигинин директору Эркин Исаков кабарлады.

Учурда Казармандан облус борбору Жалал-Абад шаарына учактар каттайт. Сары-Кыр ашуусу аркылуу өткөн Жалал-Абад – Казарман кан жолу жылына төрт ай гана ачык болот.

Райондун 22 миң калкын тейлеп турган Казарман аба майданы Макмал алтын кенин өздөштүрүү иштери 1950-жылдары башталганда иштей баштаган. Учурдагы 1840 метрлик учуп-конуу тилкеси жана аэробекет имараты 1985-жылы салынган. Аэропорт деңиз деңгээлинен 1310 метр бийиктикте жайгашкан. Аба майдандын жүргүнчү өткөрүмдүүлүгү саатына 50 адам жана тилкеси 22 тоннага чейинки учактарды күндүзү гана кабыл алууга жарамдуу болуп салынган.

Тогуз-Тородон областтын борбору Жалал-Абад шаарына аба каттам ушул жылдын 24-апрелинде беш жылдык тыныгуудан соң калыбына келген болчу. Ал эми 1997-жылга чейин Ошко, Нарынга жана Жалал-Абад аркылуу Бишкекке такай учактар каттап, калкты тейлеп турган.

Апрель айында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Казарман аэропортунун абалы менен таанышып чыккан. Өкмөт башчынын басма сөз кызматы анда Тогуз-Торонун аба майданынын айланасы тосулганы жана учуп-конуу тилкесинин абалы канаттандыраарлык экенин райондун бийликтери айтканын билдирген болчу. (BAz/KE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG