Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Баткенде чек ара жаңжалдары көбөйдү


Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, жыл башынан бери облуста 40тан ашуун чек ара жаңжалы катталды. Бул былтыркыга караганда дээрлик эки эсеге көп. Жаңжалдардын негизги себеби - коңшу өлкөлөр менен чек ара тилкелеринин толук такталбаганы. Учурда чек ара аймактарындагы калктын коопсуздугун сактоо үчүн күч органдарына биргелешкен аракет көрүү тапшырмасы берилип, кошумча милиция пункттарын ачуу каралып жатат.

Акыркы жолу чек арадагы жаңжалдуу окуя 24-октябрда Лейлектеги Катта-Туз деген жерде чыкты. Анда мунай иштетчү аймакка Тажикстандын чек ара аскерлери кирип келип, ишкананы кайра Тажикстанга өткөрүп алуу талабы коюлган. Андан соң кыргызстандык чек арачыларга кошумча күч тартылып, 26-октябрда Тажикстандын аскерлери чыгарылды. Бул окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нааразылык нотасын жиберген. (BkA)

XS
SM
MD
LG