Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

АКШ Мамкатчысы Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча сапарын баштады


Тогуз күндүк сапарынын алкагында Керри оболу Сауд Аравияга токтоп, бул өлкөнүн бийликтери менен Сирия жаңжалын, коргонуу жана соода боюнча эки тараптуу маселелерди талкуулайт.

Египеттин медиасы расмий күн тартипте жок болгонуна карабай Керри бүгүн Каирге да келерин кабарлады. АКШ мамкатчысынын Каирге сапары бийликтен кулатылган президент Мохаммед Мурсинин соту башталардан бир күн алдыга туура келүүдө. Мурси 2012-жылдын декабрында демонстранттардын президент сарайы алдындагы өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда.

Мурдараак Вашингтон Египетке жылына берилүүчү 1,5 миллиард доллардык жардамдын кезектеги бөлүгүн токтотуп, мунун себептери катары өлкөдө демократиялык прогресс жоктугун, бийликтен армия тарабынан кулатылган президент Мурсинин жактоочулары зордук-зомбулукка кабылганын да атаган.(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG