Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Косоводо маанилүү жергиликтүү шайлоо өтүп жатат


Добуш берүүнүн жүрүшүнөн бир көрүнүш. 3-ноябрь, 2013-жыл.
Добуш берүүнүн жүрүшүнөн бир көрүнүш. 3-ноябрь, 2013-жыл.
Бул ирет Косово 2008-жылы Сербиядан ажырагандан берки алгачкы жергиликтүү шайлоого этникалык сербдердин кандай катышары чечүүчү мааниге ээ болуп турат. Андыктан Косовонун түндүгүндө калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн жана Приштинанын башкаруусун жерип келген сербдердин шайлоого катышуу көрсөткүчүнө чоң көңүл бурулмакчы.

Сербия өкмөтү Косовонун көз карандысыздыгын азырынча тааныбаганы менен Еврошаркет ортомчулугу астында жетишилген макулдашууга ылайык, косоволук сербдерди добуш берүүгө катышууга чакырды.

Быйылкы жылдын апрелиндеги макулдашуу Белградга Брюссель менен Еврошаркетке мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого жол ачкан эле.

Шаркеттин тышкы байланыштар боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон бүгүнкү шайлоону “Косовонун келечеги үчүн чечүүчү учур жана Косово менен Сербиянын мамилесинин нормалдашуу жараянындагы маанилүү элемент” деп атады. (UE)

XS
SM
MD
LG