Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Польша: посткомунисттик алгачкы өкмөт башчынын тажыясы өттү


Тадеуш Мазовецкинин тажыясына миңдеген адамдар, Европа лидерлери чогулушту. Маркумдун сөөгү салынган табыт Варшаванын көчөлөрү аркылуу алынып өтүлдү.

Демократиячыл активист, жазуучу Мазовецки кезинде 1989-жылы поляк коммунистерин бийликтен кулаткан “Солидарность” кыймылынын лидери Лех Валенсанын кеңешчиси болгон. Польшадагы өзгөрүүлөр Чыгыш Европанын башка мамлекеттеринде да антикоммунисттик кыймылдар күчөшүнө түрткү берген.

Мазовецки башкарган алгачкы посткоммунисттик өкмөт катаал экономикалык реформаларга киришкен. Мындан улам ал өзү 1990-жылдагы алгачкы президенттик шайлоодо жеңилүүгө учураган. Кийинчерээк БУУнун Босниядагы элчиси кызматын аркалаган Мазовецки ушул дүйшөмбү күнү 86 жаш курагында каза тапты.(UE)

XS
SM
MD
LG