Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Бишкекте расалык бөлүнүүгө каршы митинг болот


“Расизмсиз дүйнө үчүн!” деп аталган иш-чара 4-ноябрда Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында болот. Митингди уюштуруучулардын бири Манас Саматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, анда акыркы убактарда Орусия бийлиги тарабынан сырттан келген мигранттарга карата жүргүзүлүп жаткан саясатка каршы пикирлер айтылат. Ошондой эле митингдин катышуучулары Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы экенин да бүгүнкү иш-чарада айтышмакчы.

Акцияны колдоп укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров да бүгүн Орусия элчилигинин алдына пикетке чыгат. Ал орус бийлигинен мигранттарга каршы катаал чараларды токтотууну талап кыларын “Азаттыкка” билдирди.

Август айында Москвадагы Матвеевск базарында полициячыга кол салынгандан кийин орус бийлиги мыйзамсыз миграцияга каршы чараларын катаалданткан. 10-октябрда Бирюлево базарында орус жараны киши колдуу болуп өлгөн соң, чаралар ансайын катаалданып, мигранттардын массалык түрдө өлкөдөн чыгарылуусу күчөтүлгөн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG