Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

4-ноябрь - Орусияда Элдик биримдик күнү


Москва мэриясынын өкүлү Алексей Майоровдун билдиргени боюнча дүйшөмбүдө шаарда 25 миң кишинин катышуусунда тогуз иш-чара болот. Анын сөзү боюнча булардын ичинен массалык иш-чара –улутчулдардын жүрүшү жана ЛДПРдин акциясы болушу күтүлүүдө. Ошондой эле бүгүн улутчулдар Орусиянын башка аймактарында да митинг-жүрүштөрдү уюштураары кабарланды. Кечээ Ярославл шаарында жүздөй кишинин катышуусунда улутчулдар маршы болгон, анын катышуучулары бийликтен мыйзамсыз миграцияны токтотууну талап кылышты.

4-ноябрда улутчулдукка каршы марш уюштурууну көздөп жаткан “Мигранттар федерациясы” бул күнкү иш-чарасынан баш тартышты. Федерация башчысы Мухаммед Амин Маджумдердин айтуусунда мындай чечим Москва шаар бийлигинин өтүнүчү менен кабыл алынды. Мурдараак мигранттар федерациясы 4-ноябрда улутчулардын маршын өткөрүүгө уруксат бербөөнү талап кылышкан, эгер андай болбосо, өздөрү Москванын борборунда жүрүш уюштурарын билдиришкен болчу.
Жыл сайын 4-ноябрда Москванын Люблино районунда “Орустар” улутчул кыймылы “Орус маршын” уюштурат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG