Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Жыл башынан бери 144 жарандын сөөгү алып келинген


Анын ичинен 94 кишинин сөөгү “Эйр Бишкек” аба компаниясы тарабынан Орусиядан Кыргызстанга жеткирилген. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады. Өткөн жылдын аягынан тартып Кыргызстандын дээрлик бардык аба компаниялары Орусияда каза болгон кыргызстандык жарандардын сөөгүн акысыз алып келишет. Бул үчүн кыргыз өкмөтү аба компанияларга 67 миң рублден компенсация төлөп турат.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүн Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 550 миңдин айланасында. Ал эми такталбаган маалыматтар боюнча алардын саны 1 миллиондон ашат. Ошондой эле Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 450 миңдин айланасында.(ZKo)

XS
SM
MD
LG