Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Караколдо кармалгандардын экөө үй камагына чыкты


Караколдогу митингден кийин кармалган Бекзат Усупкожоев жана Каныбек Байгожоев өлкөдөн сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен үй камагына чыгарылганын бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин маалымат кызматы кабарлады. Учурда башка кармалгандардын митингге тиешеси бар-жогу териштирилип жатат. Тергөө иштери уланууда.

7-октябрда Караколдогу митингден кийин 23 киши кармалган. Алардын 17си Бишкекте УКМКнын тергөө абагында жатат. Көбү Саруу айылынын тургундары. Облустук прокуратура 7-октябрда митингдеги мыйзам бузуулар (бийлик өкүлүн барымтага алуу, ээнбаштык, өлтүрөм деп коркутуу менен зомбулук кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгына тапшырылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG