Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Кыргызстан коррупция деңгээли боюнча 10 тепкичке ылдыйлады


Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Анын айтымында, коррупция жаатында эл аралык индекс боюнча Кыргызстан 164 орундан 154кө түшкөн.

Коргоо кеңешинин бүгүнкү жыйыны Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Анда “Бийлик органдарындагы саясий-системалык коррупциянын себептерин жоюу жана коррупцияга каршы саясат боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү” тууралуу сөз болууда.

Негизги баяндамачы катары баш прокурор Аида Салянова, Экономика министри Темир Сариев жана Антикоррупциялык кызматтын директору, УКМКнын биринчи орун басары Бектен Сыдыгалиев чыгып сүйлөшүүдө. (КЕ/ZB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG