Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Атамбаев: Кызматтарды устукандоону токтотуу керек


Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Ал коррупцияга каршы күрөштү жаман эмес деп баалап, анын кесепетин аныктап, себептерин табууну сунуштады.

- Биз реалдуу аракеттер, чечимдер менен иштешибиз керек. Акаев мезгилинен бери келаткан кызматты устукандаганды токтотушубуз керек. Байыгысы келгендер мамлекеттик кызматка эмес, бизнеске барышсын, - деди Атамбаев.

Коргоо кеңешинин жыйынында бүгүн Башкы прокуратуранын, Экономика министринин жана УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызмат жетекчилеринин маалыматы угулат. Ошондой эле жыйында саясий жана системалуу коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдору каралат. (КЕ/ZB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG