Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Талапка жооп бербеген микроавтобустар линиядан чыгарылды


Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы техникалык талаптарга жооп бербеген 12 микроавтобусту линиядан чыгарды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган башкармалык микроавтобустардын техникалык, санитардык абалын жана элди тейлөө маданиятын жогорулатуу максатында текшерүү иштерин жүргүзүп келет. Ушундай текшерүүлөрдөн улам буга чейин да 15 унаа шаарда жүргүнчүлөрдү ташууга жараксыз деп табылган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG