Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Бишкекте расалык бөлүнүүгө каршы митинг өттү


“Расизмсиз дүйнө үчүн!” деп аталган иш-чара бүгүн Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында өттү. Акцияга онго чукул адам катышып, Орусияда каза болгон мигранттар эскерилди. Катышуучулар аларга арнап, кара лента байланган гүлдү элчиликтин алдына коюшту жана соңку убактарда Орусия бийлиги тарабынан сырттан келген мигранттарга карата жүргүзүлүп жаткан саясатка каршы экенин билдиришти.

Ушул эле күнү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Орусия элчилигинин алдына пикетке чыкты. Ал орус бийлигинен мигранттарга каршы катаал чараларды токтотууну талап кылды.

Бүгүн Орусияда Элдик биримдик майрамы белгиленип жатат. Серепчилер бул күн улутчулдардын майрамына айланганын белгилеп келишет.(КЕ)

XS
SM
MD
LG