Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Миграция маселесин жеңилдетүү үчүн жумушчу топ түзүлдү


Миграция, иммиграция маселесин жеңилдетүү үчүн президенттик аппараттын алдында түзүлгөн жумушчу топтун курамына жалаң эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирди. Алар өлкөдөгү миграция маселесине арналган бардык маалыматтарды топтоп, ушул багытта мамлекеттик саясатты иштеп чыкканга жардам берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган жумушчу топтун жетекчиси Айгүл Рыскулова билдирди.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет жакта эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын көпчүлүгү Орусияда жана Казакстанда. Аймактарда иш жоктугунан жүз миңдеген киши ички мигрант болуп борбор шаарлар Бишкек жана Ошко агылууда. Эксперттер мамлекет миграция маселесине жакшы көңүл бурбайт деп сындап келишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG