Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

ЕККУ: Митровицада шайлоо жыйынтыгын чыгаруу мүмкүн эмес


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму түндүк Митровицадагы
жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгын аныктоо мүмкүн болбой жатканын билдирди. Кечээ беткапчан бир нече киши 3 участокту талкалап кетишкен. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана ЕККУнун байкоочулары ал жерден эвакуацияланган. Кол салгандар бюллетендер салынган кутучаларды уурдап, жок кылышкан. Косовонун ал чөлкөмүндө сербдер үстөмдүк кылат. ЕККУ миссиясынын жетекчиси Жан-Клон Шлюмбергер калган добушканалардагы кутулар Борбордук шайлоо комиссиясына жеткирилгенин маалымдады. Косовонун президенти Атифете Яахьяга өлкөнүн түндүгүндө мыйзам үстөмдүгүн орнотуу үчүн андай зомбулук жоопсуз калбайт деди. Сербдер көп жайгашкан райондорду албаганда, шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 46 проценттейи катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG