Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Медиа кызматкерлер "Ачык сүйлөшүүгө" чогулат


“Ачык сүйлөшүү” деп аталган иш-чара 5-ноябрда Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканада болот. Уюштуруучулардын белгилешинче, талкуу 7-ноябрда Кыргызстанда белгиленүүчү “Басма сөз жана маалымат күнүнө” карата уюштурулууда. Иш-чарада Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, маалымат каражаттары тууралуу сөз болот. Ошондой эле жакында Социал-демократтар фракциясы кабыл алган жалган маалымат үчүн журналисттердин жоопкерчилигин катаалдантуу тууралуу мыйзам долбоору боюнча да пикирлер айтылат.

Талкууга эл аралык жана жергиликтүү медиа уюмдардын, өкмөттүн өкүлдөрү, ЖК депутаттары жана журналисттер чакырылган.

Иш-чара "Медиа полиси" коомдук уюму тарабынан уюштурулууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG