Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Бишкекте аз кандуулук менен күрөшүүгө арналган веложүрүш болот


Бүгүн боло турган иш-чараны Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аялдар бөлүмү жана башка коомдук уюмдар уюштурууда. Маалыматка ылайык, веложүрүш Манас-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен республикалык кан борборуна чейин жүрүп, катышуучулар кан тапшырышат. Акцияны уюштуруучулардын бири – “Мутакалим” коомдук уюмунун координатору Наргиза Исаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, веложүрүш аялдардын аз кандуулук көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бала төрөө курагындагы аялдардын басымдуу бөлүгү аз кандуулук менен жабыркайт. Бул өз кезегинде эненин жана болочок баланын өмүрү, ден соолугу үчүн кооптуу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG