Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Ош: Орус консулдугунун алдында пикет өтүүдө


Орусиянын Оштогу Башкы консулдугунун алдында ушу тапта нааразылык акциясы өтүп жатат. Анын уюштуруучусу - "Кыргыз журтум" коомдук бирикмеси. Аталган уюмдун жетекчиси Сапаргүл Бердалиеванын "Азаттыкка" айтымында, он чакты лидер аял Орусияда жүргөн кыргыз мигранттардын укугунун корголушун талап кылууда. "Биз орус бийлигинен мигранттарга мамилени оңдоону талап кылып жатабыз. Кезегинде Москваны фашисттерден коргоп калууга биздин ата-бабалар да чоң салымын кошкон!", - деди Бердалиева.

Соңку кезде Москвада мигранттарга кол салуу, кордоо маанайы күчөп баратканы байкалууда. Кыргызстандан Орусияга кеткен жарандардын саны бир миллиондун тегерегинде экени айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG