Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Сирия калкынын 40 проценти жардамга муктаж


Сирия калкынын дээрлик 40 проценти гуманитардык жардамга муктаж. Улуттар уюмунун гуманитардык иштер боюнча өкүлү Валери Амос Коопсуздук кеңешинде сүйлөп, өлкөдөгү абал барган сайын начарлап жатканын белгиледи. Жардамга муктаж адамдардын саны сентябрда 6,8 миллион болсо, азыр 9,3 миллионго жетти. Алардын жарымынан көбү куралдуу жаңжалдан улам Сириянын ичинде жер которууга аргасыз болгон. Амос Коопсуздук кеңешин Дамаск өкмөтү жана оппозицияга таасир этип, гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө үндөдү. Бүгүн БУУ жана Араб Лигасынын Сирия боюнча чабарманы Лахдар Брахими АКШ жана Орусиянын өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Тараптар Сирия боюнча тынчтык конференциясын өткөрүү планын талкуулашат.

XS
SM
MD
LG