Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Абдирасулова: Бир жылда 21 аскер армияда каза тапты


Ушу тапта күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов аскерден каза тапкан балдардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, соңку бир жыл ичинде Кыргызстандын аскер бөлүктөрүндө кызматын өтөп жаткан 21 бала каза тапкан. Расмий версия боюнча, алардын көбү өз жанын өзү кыйган. Бирок ата-энелердин пикиринде, бул чындыкка коошпойт. Кечээ алар митингге чыгып, тергөөнүн калыс өтүшүн талап кылып өкмөткө жана парламентке кайрылган. Алар ошондой эле уулунан айрылган үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбай жатканын айтып чыккан болчу.(KE/RK)

XS
SM
MD
LG