Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Пакистан премьери ашыкча күч колдонууга каршы


Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф “ашыкча күч колдонуу” бейпилдик орнотууга салым кошпойт деп билдирди. Бир нече күн мурун америкалык пилотсуз учактын чабуулунан талиптердин Пакистандагы лидери Хакимулла Мехсуд каза тапкан. Шариф анын өкмөтү зордук-зомбулукка чекит коюу үчүн чечкиндүү чара көрөөрүн айтты. "Бирок бул максатка коомдун бардык мүчөлөрү менен сүйлөшүү аракетин көрбөстөн, ашыкча күч колдонуу менен жете албайбыз", - деп белгиледи премьер.

Мехсуд каза болгон күнү өкмөттүн мүчөлөрү Талибандын фракциялары менен жолугушууга даярданып жатышкан. Пакистандын ички иштер министри Чаудри тынчтык процессине бут тосуп жатат деп Вашингтонду айыптады. Кечээ Сауди Арабияда болгон кезинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтон Исламабаддын кооптонуусуна “түшүнүү менен мамиле кылаарын” билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG