Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Эркин сөз жоопкерчилиги боюнча мыйзам долбоор автору билдирүү таратты


Атайлап жалган маалымат тараткан журналистти кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоордун автору, парламенттеги бийликчил социал-демократтар фракциясынын депутаты Галина Скрипкина бүгүн билдирүү таратып, бул демилгени ишке ашыруунун азырынча козгоонун кереги жок экенине ынанганын айтты. Жаңы мыйзам долбоорун фракция үч окууда колдогон болчу. Эгер ал кабыл алынып калса жалган маалымат тараткан үчүн жаза күчөп, Кылмыш кодексинин 329-беренеси боюнча иш козголмок. Журналист коомчулук алдында кечирим сурап, бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылмак. Кыргызстан Борбор Азияда сөз эркиндигинин абалы салыштырмалуу дурус саналган өлкөлөрдүн катарына кирет. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун быйылкы баяндамасында дүйнөдөгү 179 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 106-орунду ээлеген. Скрипкинанын мыйзам долбоору коомчулук арасында кескин сынга кабылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG