Линктер

шаршемби, 22-февраль, 2017 Бишкек убактысы 05:38

Насирдин Исановго арналган көргөзмө болот


Улуттук филармонияда коомдук-саясий ишмер Насирдин Исановго арналган сүрөт көргөзмө ачылат. Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулууда. Сүрөт көргөзмөдө Насирдин Исановдун өмүрүн жана ишмердүүлүгүн чагылдырган жүздөн ашуун фото сүрөттөр коюлат.

Насирдин Исанов эгемендүү Кыргызстандын туңгуч премьер-министри болгон. Исанов тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак. Ал 1991-жылы Бишкек-Ош жолунда табышмактуу жагдайда жол кырсыгында каза тапкан. Коомчулукта ал ошол учурда Кумтөр алтын кени боюнча келишимге каршы болгону айтылып жүрөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG