Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Бишкек: Жол кырсыгына байланыштуу АКШ элчилигинин өкүлү ТИМге чакырылды


Бишкектеги кечээ кечиндеги жол кырсыгына байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Ага Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгы боюнча милициядан алынган маалымат берилмекчи. Бишкек милициясынан кабарлашкандай, бул жол кырсыгынан 5 жеңил унаа жабыркап, бир адам жеңил жараат алды. Интернеттеги социалдык тармактардан бул окуянын видеосун көрсө болот. Анда дипломаттык номерлүү Ford маркасындагы унаанын айдоочусу жол кайгуул кызматкерине баш ийбей, катуу ылдамдыкта айдап кетип калганы даана көрүнүп турат. Бул унаа АКШ элчилигине таандык экени тастыкталды. Элчиликтен “Азаттыкка” кабарлашкандай, окуя боюнча кеңири маалымат бир аздан кийин болот. (RK/ZB)

XS
SM
MD
LG