Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Караколдо кармалгандардын дагы экөөнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлдү


7-октябрда Каракол шаарындагы митинг учурунда кармалып, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында камалып жаткандардын дагы экөөнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн УКМКдан кабарлашты. 44 жаштагы Нурлан Бектурганов жана 50 жаштагы Мирзат Бейшенбаев митингге акча, тамак-аш, ичкилик үчүн чыккандыктан аларды мындан ары тергөө абагында кармоо зарылчылыгы жок экени аныкталды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту кечээ тергөөчүнүн сунушун канааттандырып, Бектурганов менен Бейшенбаевди эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алып, үйүнө чыгарды. Учурда УКМКнын тергөө абагында Каракол окуясы боюнча айыпталган 12 жарандын 8и камалып жатат. 7-октябрда Караколдо Кумтөргө байланыштуу чогулган митинг башаламандыкка айланып, бийлик өкүлүн барымтага алуу менен коштолгону үчүн кылмыш иш козголгон. Митингчилер ал күнү бийлик тарабынан чагым болгон деп эсептээрин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG